




[adrotate_integration id=”2″]
🌍 Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдык юбилейлик жыйынына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
🗓️ Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун жетекчилиги астында өттү.
📚 Ысык-Көл эл аралык форуму 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен алгачкы жолу өткөрүлгөндөн бери эл аралык деңгээлде кеңири таанылган интеллектуалдык аянтча болуп калды.
🌐 Жыйында глобалдык Түндүк жана Түштүк ортосундагы өз ара аракеттенүү, климаттын өзгөрүшү жана жасалма интеллектти кошо алганда, технологиялардын тез өнүгүшү сыяктуу темалар талкууланып, жаңы идеялар сунушталышы керектиги белгиленди.
🗣️ Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев форумду даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу боюнча маалымат берди.
🤝 2026-жылы өтө турган юбилейлик форум Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот.






