

📈 Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиев жана “Инвест Кей Джи Холдинг” ЖЧКсы ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду.
🏗️ Келишимдин алкагында борбор калаанын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди куруу, реконструкциялоо жана жакшыртуу боюнча комплекстүү долбоор ишке ашырылат.
🏛️ Мурдагы Батыш автобекетинин имараты сакталат жана көргөзмө борборуна айландырылат.
🌳 “Жаштар” жана “40 жыл Октябрь” шаардык парктарынын реконструкциясы жана жакшыртуусу пландаштырылууда.
🚛 Жаңы “Тазалык-1” жана “Тазалык-2” базаларын долбоорлоо жана куруу каралган.
🏢 Эки мурунку базанын аймагында мейманкана, апарт-отель, көп кабаттуу турак үйлөр, коомдук-ишкердик борбор жана башка объекттер курулат.
🚧 Жол инфраструктурасын реконструкциялоо, анын ичинде Жибек-Жолу проспектисинде жер астындагы өтмөктү куруу пландалууда.
💰 Долбоор боюнча жалпы инвестиция суммасы 2 млрд 625 млн сомду түзөт.