⚡ Бишкекте 595 км жогорку чыңалуудагы аба электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги билдирди.
🔌 2025-жылга карата Бишкек ПЭС филиалынын планына ылайык, 35/110/220 кВ чыңалуудагы 26,8 км аба чубалгыларын капиталдык оңдоо жана 567 км чубалгыларын учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлөт.
🔧 Учурда энергетиктер 22,4 км аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүштү жана 359,5 км чубалгыларын учурдагы оңдоо иштерин аякташты.
🔄 Ошондой эле, 3695 фарфор жана бузулган изоляторлорду алмаштыруу, 507 кгдан ашык бурч темирлерди ширетүү жана 50 анкердик түркүктөрдү бекемдөө пландалган.
🌿 Электр чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн, трассалардын боюндагы дарактарды кыркып тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 1556 дарак кыркылды.
🌲 Линияларга жакын өскөн дарактар электр камсыздоонун үзгүлтүккө учурашынын негизги себептеринин бири болуп саналат.






