🔌 Бишкек шаарында электр энергиясын жеткирүү сапатын жогорулатуу максатында эски алюминий зымдар заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП) менен алмаштырылууда.
🌍 2025-жылга чейин Бишкекте 0,4 кВ чыңалуудагы 90 кмден ашык аба электр чубалгыларын СИП-2 зымына жана 10 кВ чыңалуудагы 17,8 кмден ашык чубалгыларды СИП-3 зымына алмаштыруу пландалган.
⚡ Учурда энергетиктер 40 кмден ашык аба чубалгыларын жаңы СИП-2 зымдарына алмаштырышты.
🌨 СИП зымдары кардын жабышуусуна, шамалдын таасирине жана катуу муз каптоого туруктуу келет.
🔧 СИП зымдарынын артыкчылыктарынын катарына оңдоонун жөнөкөйлүгү, чыңалуу астында иштөө мүмкүнчүлүгү жана тейлөөнүн коопсуздугу кирет. Ошондой эле техникалык жоготууларды азайтат.
📅 Бишкек электр тармактары ишканасынын оңдоо иштеринин графиги компаниянын www.bipes.nesk.kg/ru/ сайтында, “Менин жарыгым” тиркемесинде жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган.
📞 Электр энергиясы боюнча суроолор үчүн 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209, 0556-001209 номерлери боюнча 24 сааттык кол-борборго кайрылууга болот.






