🧠 Бишкекте «Башталыш жолу» аттуу илимий форум өттү.
🔍 Форум 1-ноябрда Улуттук илимдер академиясында болуп, дүйнөгө белгилүү палеонтологдор, биологдор жана археологдор адамдын келип чыгышы жана өнүгүшү тууралуу маалымат бөлүштү.
📚 МГУнун биология факультетинин профессору Александр Марков адамзаттын өнүгүү жолун, антропогенездин негизги этаптарын жана акыл-эс менен социалдык уюмдардын өнүгүшүн баяндады.
🦴 Антрополог Ян Рыбак неандертальдар, денисовцы жана Homo тукумуна кирген башка түрлөр тууралуу акыркы маалыматтарды сунуштады.
🏺 Россиялык археолог Мария Медникова археологиялык табылгалардын байыркы адамдардын жашоо образы, ден соолук жана маданий практикаларын калыбына келтирүүдө кандай роль ойнорун айтып берди.
🌍 Иш-чара B.A.S.E³ Labs тарабынан уюштурулуп, Технологиялар паркы жана Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте өткөрүлдү.
💡 Иш-чаранын уюштуруучусу Чынгыз Арзиев илимдин жана илимпоздордун азыркы цивилизациядагы маанисин белгилеп, шаар тургундарын илимге кызыгуу көрсөтүүгө чакырды.
📈 Технологияларды түзүү менен бирге, адамзаттын бул технологияларды кантип жаратууга жетишкенин түшүнүү маанилүү экендигин Парк Технологиялардын коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси Елена Нечаева белгиледи.
🔬 B.A.S.E³ Labs илимди жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасындагы инициативалардын бири болуп, илим, блокчейн жана жасалма интеллект боюнча форумдар жана лекциялар уюштурат.
💻 Кыргыз Республикасынын Технологиялар паркы экспортко багытталган IT компанияларына жеңилдетилген салык режимин сунуштайт жана билим берүү менен илимди популяризациялоого инвестиция салып жатат.
















