🚨 Бишкекте Ак үйгө кирүүгө аракет кылган окуя болду.
🚗 Саат 14:44 чамасында “Ынтымак Ордо” имаратынын дарбазасын Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу атайылап сүзгөн.
👮♀️ Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу келип, жагдайды такташты.
👤 Айдоочунун өздүгү такталды, ал 64 жаштагы аял, учурда Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө.
🕵️♂️ Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.