🎨 Кыргызстандын Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде «Айтматов жана искусство дүйнөсү» аттуу көргөзмө 10-июнда ачылат.
🖼️ Көргөзмө ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана 2025-жылдын февраль айында Анкарада түзүлгөн Чынгыз Айтматов атындагы институт тарабынан уюштурулган.
🌍 Иш-чара улуу жазуучу жана ойчул Чынгыз Айтматовду эскерүүгө арналган эл аралык программалардын бир бөлүгү болуп саналат.
🎨 Көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрү жана скульпторлорунун Айтматовдун чыгармачылыгынан шыктанган 100дөн ашуун эмгеги коюлат.
📚 Чыгармалар жазуучунун адабий мурасынын негизги темаларын жана образдарын чагылдырат: рухтун күчү, эмгек, моралдык тандоо, туулган жерге берилгендик жана жогорку адамдык сапаттар.
📅 Экспозиция 13-июнга чейин көрүүчүлөр үчүн ачык болот.