


[adrotate_integration id=”2″]



🎉 Бишкек шаарындагы Ленин районунда Карылар күнү урматына майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
👫 29-сентябрда «Никелешүү сарайында» өткөн майрамдык жыйында алтын жана зумрут тойлорун белгилеген жубайлар сыйланды. Бул иш-чарага 22 жубай чакырылды.
🙏 Ленин районунун муниципалдык администрациясынын башчысы Тариел Айтиев улуу муундун өкүлдөрүнө коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.
🎶 Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, юбилярларга гүлдөр жана 5 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
🏠 105 жаштагы юбилярды жана алтын тойлорун белгилеген жубайларды үйүндө куттуктоо пландалууда. Аларга гүлдөр, азык-түлүк топтомдору жана 10 миң сомдук сертификаттар берилет.
👥 Ленин районунда Карылар күнүнө арналган иш-чараларга жалпы 1211 адам тартылат.






