Бишкекте «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүү кармалды

Бишкекте терроризм тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды. Анын айтымында, "Азия Молл" соода борборуна бомба коюлган. Текшерүүдө жардыргыч зат табылган жок. Иш козголуп, шектүү камакка алынды.

🔍 Бишкекте соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды.

🚨 2025-жылдын 5-майында кечки саат 19:30да 102 номерине анонимдүү чалуу келип, “Азия Молл” соода борборуна жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кабар берилген.

👮‍♂️ Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери тез арада жетип барышты, бирок текшерүү учурунда жардыруучу зат табылган жок.

⚖️ Ленин райондук ИИБ тергөө кызматы бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

🔎 Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБ тергөө кызматына жеткирилди жана убактылуу кармоочу жайга камалды.

📜 Тергөөнүн жүрүшү улантылууда. Милиция жалган маалымат берүү үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын кошумчалады.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x