📰 Бишкектин Улан микрорайонунда 23-июнь күнү көп кабаттуу үйдүн 14-кабатынан кичинекей бала кулап түштү.
🚓 Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы бул окуяны каттап, окуя болгон жерге тергөө-оперативдик топ жөнөтүлдү.
🏥 2023-жылы туулган Д.А. аттуу бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, медициналык жардамга карабай, алган жаракаттарынан улам каза тапты.
🔍 Учурда өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар дайындалды.






