Бишкекте балдар бакчасынын атын жамынган марихуана өстүрүүчү лаборатория аныкталды

Бишкекте жеке балдар бакчасынын атын жамынып иштеген жашыруун нарколаборатория табылып, жок кылынды. 19 түп өсүмдүк, 54 грамм гашиш жана каннабис өстүрүүчү жабдуулар алынган. Топтун кирешеси 25 миллион сомго жетиши мүмкүн эле.

🌿 Бишкекте жеке бала бакчанын атын жамынып иштеген жашыруун нарколаборатория табылып, жоюлду.

🚔 Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, элиталык марихуана сортторун өстүрүү үчүн автоматташтырылган лаборатория табылып, 19 түп өсүмдүк, 54 грамм гашиш жана каннабисти өстүрүүчү жабдуулар алынган.

🏠 Бул жай “Растишка АВС” жеке бала бакчасынын аты менен иштеп, чынында жашыруун нарколаборатория катары колдонулган.

👥 Кылмыштуу топтун мүчөлөрү, туугандык байланыштары бар адамдар, интернет аркылуу баңгизаттарды өстүрүп, таратуу менен алектенишкен.

🔗 Топтун мүчөлөрү кармалды: К.Д.К. (1993-ж.), Ш.Н.К. (1980-ж.), М.С.Ө. (1992-ж.), С.М.Б. (1985-ж.), К.Ч.Р. (1988-ж.).

💰 Алынган баңгизаттардын көмүскө рыноктогу болжолдуу кирешеси 25 миллион сомду түзмөк.

🕵️ Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x