Бишкекте БЧК боюнда 51 мыйзамсыз объект табылды

Бишкек мэриясынын жер пайдалануу көзөмөлдөө башкармалыгы Чоң Чүй каналындагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоону улантууда. Суу коргоо зонасында жайгашкан 23 объекттин 6сы бузуудан өттү. Андан тышкары, дагы 28 объект аныкталып, алардын ээлери демонтаж иштерин башташты.

[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Чоң Чүй каналындагы түштүк жана чыгыш бөлүктөрүнүн суу сактоо зонасын бошотуу иштерин улантууда.

🏗️ Сухэ-Батор көчөсүндө, Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин 23 объект суу сактоо зонасында жайгашкандыгы аныкталды. Учурда алты объектинин демонтажы жүргүзүлдү, калган мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери улантылууда.

📍 Анкара, Ч. Валиханов жана 7-Апрель көчөлөрүндө дагы 28 объект демонтажга жатары аныкталды. Айрым жер ээлери өз ыктыяры менен демонтаж иштерин баштап, тиешелүү милдеттенмелерди кабыл алышты.

⚖️ Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жер ээлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сыйлоого жана жер тилкелерин белгиленген чектердин алкагында гана пайдаланууга чакырат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген