📢 Бишкекте балдардын укугун коргоо акциясы башталды.
👦 Акция Балдардын укуктары боюнча комиссары жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан балдарды эксплуатациялоону көзөмөлдөө жана алдын алуу максатында уюштурулган.
🏫 Алгачкы иш-чара Биринчи Май борборунун лидерлер мектебинде өтүп, жакынкы күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы билим берүү мекемелеринде жолугушуулар пландалууда.
📚 Негизги максат – мектеп окуучуларынын эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана алардын экономикалык эксплуатацияланышына жол бербөө, ошондой эле гендердик теңчиликти жайылтуу.
🖥️ Жолугушуулар мультимедиялык материалдарды жана маалыматтык брошюраларды колдонуу менен интерактивдүү форматта өткөрүлөт.
🚨 Демилге зомбулуксуз коомду түзүүгө багытталган “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” улуттук кампаниясынын бир бөлүгү.