🏗️ Бишкекте асфальттын сапаты текшерилди.
🔍 Республикадагы курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин курамындагы сынак лабораториясы Бишкектеги “Алтын-Ордо” жашоо массивинде асфальттын сапатын текшерүү үчүн керндерди алып, бир катар көчөлөрдө изилдөө жүргүздү.
🏙️ Текшерүү иштери Мыскал, Безымянная, Илим, Республиканская көчөлөрүндө жана Эркиндик бульварында жүргүзүлдү. Сынак лабораториясынын кызматкерлери асфальтобетонду текшерүү үчүн үлгүлөрдү алышты.
📊 Физика-механикалык көрсөткүчтөр боюнча тесттер жүргүзүлүп, алынган натыйжалар негизинде материалдардын сапатынын стандарттарга жана талаптарга ылайыктыгы боюнча протокол даярдалат.
✅ Бул иш чаралар асфальттын сапатын жакшыртууга жана курулуш стандарттарын сактоого багытталган.








