🚓 Бишкекте жол коопсуздугун жогорулатуу жана жол кыймылынын эрежелерин бузууга каршы алдын алуу максатында ири масштабдуу рейд өткөрүлүүдө.
🔍 Патрулдук милициянын кызматкерлери жолдорду убактылуу тарылтуу ыкмасын колдонуп, транспорттун агымын натыйжалуу көзөмөлдөп, эрежелерди бузгандарды тез аныктап жатышат.
🍷 Биринчи күнү эле 12 айдоочу мас абалында унаа башкарганы, 18 айдоочу уруксатсыз караңгылатылган алдыңкы айнектери менен жүргөнү аныкталган.
🚗 Ошондой эле, 8 айдоочу жол эрежелерин демонстративдүү бузган (автохулиганизм), 50 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган, 51 жөө жүргүнчү жол эрежелерин бузуп өткөнү белгилүү болду.
🚨 Түрдүү эреже бузуулар үчүн 324 унаа айып токтотмо жайына коюлган. Жол кыймылынын бардык катышуучулары белгиленген эрежелерди так сактоого чакырылат.






