🎶 Бишкекте күз мезгилинин эң башкы музыкалык окуясы – IX эл аралык жаш аткаруучулардын «Орто Азия Романсиадасы» сынагы өтөт.
🎤 Кыргыз улуттук консерваториясында 21-октябрда өтө турган сынакта 6 жаштан 35 жашка чейинки вокалисттер орус жана кыргыз композиторлорунун романстарын аткаруу чеберчилиги боюнча күч сынашат.
🌟 Сынакка Бишкек, Ош, Талас, Нарын, Балыкчы, Ноокат, Кара-Балта, Беловодское, Жаны-Жер, Алматы, Павлодар, Тараз, Ташкент, Андижан, Зарафшан, Нукус, Душанбе жана башка шаарлардан жана айылдардан жаш таланттар катышат.
📈 Бул жылы «Орто Азия Романсиадасы» музыкалык сүйүүчүлөрдү таң калтырат: катышуу үчүн алынган арыздардын саны рекорддук чекке жетти, жана биринчи жолу Тажикстандан жаш аткаруучулар катышат.
👩🎤 Эл аралык калыстар тобун Россиянын эмгек сиңирген артисти, Россиянын маданият ишмери Галина Преображенская жетектейт. Калыстар тобуна Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын белгилүү артисттери жана маданият ишмерлери кирет.
🏆 Жеңүүчүлөрдүн жана сыйлык ээлеринин аттары 22-октябрда өтө турган гала-концертте жарыяланат. Жеңүүчү өз өлкөсүн XXIX «Московская Романсиада» финалында көрсөтөт.






