🌍 Бишкекте тынчтыкты жана аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө багытталган Борбор Азия аялдарынын форуму өтөт.
👩💼 3-4-октябрда өтө турган иш-чарага Кыргызстандан жана башка аймактагы Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандан келген депутаттар катышат.
🤝 Форумдун негизги максаты – “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибинин алкагында аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле бул процесстерде аялдардын ролун талкуулоо.
🌱 Форумдун алкагында аялдардын тынчтыкты орнотуу демилгелерине кошкон салымы жана климаттын өзгөрүшүнө адаптацияланышы боюнча пикир алмашуу үчүн аянтча түзүлөт.
📋 Форумдун катышуучулары аялдардын туруктуу өнүгүү жана аймактык коопсуздук маселелерине катышуусун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.
🕊️ Форум аялдарды негизги процесстерге жигердүү тартуу аркылуу коопсуз жана стабилдүү Борбор Азия аймагын түзүүгө карай маанилүү кадам болот.