Бишкекте Борбор Азияда диний билим берүүнүн өткөнү жана келечеги талкууланды

Бишкекте «Ала-Арча» резиденциясында Борбор Азиядагы диний билим берүүнүн өткөнү, азыркысы жана келечеги боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чарада билим берүү системасын трансформациялоо жана жаңы идеяларды ачуу боюнча талкуулар жүрдү.

🌍 Борбордук Азияда диний билим берүүнүн өткөнү, азыркысы жана келечеги талкууланган эл аралык илимий-практикалык конференция Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп өттү.

🗣 Конференция гибриддик форматта кыргыз, орус жана англис тилдеринде өтүп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын үйрөнүү, жаңы идеяларды ачуу жана илимий прогресске жетишүү максатын көздөдү.

📚 Иш-чарада Борбордук Азиядагы диний билим берүү тажрыйбасы, Кыргызстандагы диний билим берүү системасы жана мамлекеттик саясат, теология жана дин таануу боюнча адистерди даярдоо, жаңы багыттар жана методдор сыяктуу темалар талкууланды.

🎓 И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева конференциянын катышуучуларына кайрылып, Борбордук Азияда дин таануу жана диний билим берүү процессин трансформациялоо боюнча жаңы профилдерди ачуу аркылуу илимий прогресске жетишүүдө ийгиликтерди каалады.

🤝 Иш-чара Улуттук диний жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дин таануу факультети тарабынан уюштурулду.

📜 Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды, анда катышуучулар Борбордук Азияда диний билим берүүнүн келечегин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизишти.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x