🚧 Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү реконструкция иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
🔧 29-июлдан баштап Ч.Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө демонтаж иштери башталат. Бул мезгилде жол транспорт үчүн ачык бойдон калат.
🚜 Асфальтты фрезерлөө жана жаңы жабууну төшөө иштери башталганда, жол толугу менен жабылат. Бул реконструкция иштери эки айга созулат.
🚌 Автобустардын №8 жана №55 маршруттары убактылуу өзгөртүлөт. Жол кыймылы түнкү саат 22:00дөн таңкы 05:00гө чейин Ч.Айтматов проспектисине кирүүгө тыюу салынат.
📅 Жол кыймылы убактылуу Масалиев проспектиси жана Садырбаев көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.






