

[adrotate_integration id=”2″]


🎉 Бишкекте “Интергельпо” кооперативинин 100 жылдыгына арналган мааракелик концерт өттү. Бул иш-чара эл аралык достуктун жана тарыхый эстутумдун символу болуп калды.
📸 Концертте 1920-жылдардын атмосферасын кайра жараткан “Жандуу сүрөт” аттуу театрлаштырылган пролог менен ачылды. Бул мезгилде Чехословакиядан келген инженерлер жана жумушчулар Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) электр станцияларын, фабрикаларды, ооруканаларды жана турак жайларды курууга келген.
👥 Концертте интергельповчулардын урпактарына ыраазычылык сөздөрү айтылып, көптөгөн урпактар залда болушту. Словакиянын тышкы иштер министри Юрай Бланар жана башка коноктор урпактарга юбилейлик төш белгилерди тапшырышты.
🌹 Концерттен кийин Словакиядан келген коноктор жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү Братск мүрзөсүнө гүл коюп, интернационалисттердин элесин эскеришти.
🤝 Иш-чараны Бишкек мэриясы, Кыргызстандагы чехтердин “Наздар” коомдук бирикмеси жана башка уюмдар колдоосу менен уюштурушту. “Интергельпо” кооперативи 1925-жылы Чехословакияда СССРдеги социалисттик курулушка жардам берүү үчүн түзүлгөн. Кооперативдин мүчөлөрү Кыргызстанда электрлештирүү, өнөр жай өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасын түптөөдө чоң салым кошушкан.






