Бишкекте чет элдик жаран кызды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти (видео)

Бишкекте чет элдик айдоочу Хонда унаасы менен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден 15 жаштагы кызды сүзүп, андан соң качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Айдоочуга кылмыш иши козголуп, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

🚨 Бишкекте каргашалуу кырсык катталып, анын кесепетинен 15 жаштагы кыз каза болду.

🚑 23-сентябрь күнү саат 17:45те Тыналиев көчөсүндө чет элдик жаран Хонда Ария үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, жөө адамдар өтүүчү жерден жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен.

🩺 Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабай ал алган жараатынан улам каза болгон.

🚔 Айдоочуга карата жол эрежесин бузгандыгы үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

🔍 Айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган, бирок милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

🚧 Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуянын бардык жагдайларын иликтөө иштери уланууда.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x