



🥊 Бишкек шаарында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт комплексинде Совет Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган XLVII Эл аралык бокс турнири башталды.
🎉 Турнирдин ачылыш аземине Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умотаалы Кыдыралиев жана бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты.
👥 Жарышка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Германия жана Испаниядан 150 спортчу катышууда.
🏆 Турнир 3-майга чейин уланат жана боксчулар 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 80 кг, 86 кг, 92 кг жана 92 кг жогору салмак категорияларында күч сынашат.
📅 Бул турнир спортчулар үчүн өз ара тажрыйба алмашууга жана эл аралык деңгээлде өздөрүн көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.