

[adrotate_integration id=”2″]🌳 Бишкек шаарында Тоголок Молдо көчөсүндө, Д. Омурзаков атындагы стадиондун жанында жаңы унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.
🚗 Жаңы унаа токтотуучу жайдын узундугу 120 метр, туурасы 5 метр болуп, болжол менен 40 унаа бата алат.
🏟️ Спортчулар, күйөрмандар жана спорттук иш-чаралардын сүйүүчүлөрү эми стадиондун жанында унааларын ыңгайлуу токтото алышат.
🌿 “Бишкекзеленстрой” ишканасы тарабынан аймакты жашылдандыруу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн жердин деңгээли төмөндөтүлдү.
🌱 Бул жаңы инфраструктура шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймакты кооздоо иштерине салым кошот.






