Бишкекте эл аралык футбол турнири өтөт

Бишкекте 15-23-июлда Олимпиадалык (U-23) курама командалар арасында "Төрт улуттун турнири" өтөт. Кыргызстан, Оман, Бахрейн жана Сирия командалары катышат. Матчтар борбордук стадиондо жана "Алга" клубунда өтөт. Келүү акысыз.

⚽️ Бишкекте 15-июлдан 23-июлга чейин олимпиялык (U-23) курама командалар арасында “Төрт улуттун турнири” аттуу эл аралык футбол турнири өтөт.

🌍 Турнирге Кыргызстандын олимпиялык (U-23) курама командасы, ошондой эле Оман, Бахрейн жана Сириянын улуттук курама командалары катышат.

🏟 Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана “Алга” футбол клубунун стадионунда өтөт.

📅 Турнир Кыргызстандын олимпиялык курама командасынын Азия Кубогунун (U-23) тандоо раундуна даярдануусунун алкагында өткөрүлүүдө. Бул тандоо раунду Бишкекте 1-сентябрдан 9-сентябрга чейин өтүп, E тобунда Кыргызстандын командасы Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка менен беттешет.

🎟 Бардык матчтарга кирүү акысыз.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x