🥩 Бишкекте эттин баасында сентябрдын башындагы олку-солкулардан кийин туруктуулук сакталууда.
📊 Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын 5-сентябрынан 18-сентябрына чейин борбор калаанын базарларындагы эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүздү.
🔍 Мониторингдин жүрүшүндө эттин орточо баасы күн сайын өзгөрүп, сатуучуларга жараша 20-30 сомго чейин өзгөрүп жатканын аныктадык.
📅 18-сентябрга карата эт азыктарына болгон баа конъюнктурасы турукташкан, бул рыноктун нормалдашканынан кабар бериши мүмкүн.
📈 Мындай өзгөрүүлөр сезондук факторлорго жана бул мезгилде этке болгон суроо-талапка байланыштуу болушу мүмкүн.