🍎 Бишкектеги “Глобус” гипермаркетинде жемиштер дихлофос менен иштетилгени тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.
🔍 Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бул маалыматты текшерүү үчүн пландан тышкаркы инспекция өткөрүштү.
📍 Текшерүү Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан соода түйүнүндө жүргүзүлдү жана мыйзам бузуу фактылары тастыкталды.
💼 Гипермаркеттин администрациясына карата укук бузуу протоколу түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 214-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
🚫 “Умай Групп” ЖЧКсынын жетекчилиги бул окуяга жол берген кызматкерди иштен алуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле, окуя болгон күнү сатылып жаткан бардык жашылча-жемиштер соодадан алынган.
🛡️ Госсанэпиднадзор борбору соода түйүндөрүндө санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөөнү улантат жана жарандарды ушундай учурлар тууралуу кабарлап турууга чакырат.






