🛡️ Бишкекте диний экстремизмге каршы иш-чаралар өткөрүлдү.
🔍 Диний экстремисттик агымдардын идеологиясына каршы күрөшүү иштеринин алкагында “Йакын инкар” ячейкасынын жети мүчөсүнө түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар уюштурулду.
🤝 Иш-чаранын бардык катышуучулары бул топтун идеологиясынын зыяндуулугун жана туура эместигин моюнга алып, өз ыктыяры менен андан ары мүчөлүктөн баш тартышкан.
⚖️ УКМК диний-экстремисттик уюмдардын идеологиясын жайылтуу Кыргызстандын мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн экенин эскертет.
🔒 Коомчулукта кооптуу идеялардын жайылышын алдын алуу максатында экстремизмдин алдын алуу боюнча иштер улантылат.