👮♂️ Бишкекте милиция кызматкерлери жашы жете элек балага карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп шектелген эркек кишини кармашты.
🔍 10-июнда кечки саат 20:00 чамасында Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 2019-жылы туулган жашы жете элек кыз менен белгисиз эркек киши байкалган.
👨👧 Кыздын атасы, жаран С.Н., милицияга кайрылып, шектүүгө чара көрүүнү талап кылды.
🕵️♂️ Оперативдик-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган жаран Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматына жеткирилди.
🔒 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына камалды.
🛠️ Тергөө иш-чаралары учурунда кармалган адам уурулукка да тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталды.
⏳ Учурда тергөө иштери улантылууда жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.