🚨 Бишкек шаарында көчөдө жүргөн жана иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.
👶 Биринчи Май районунда уюштурулган иш-чаралардын алкагында жашы жете электердин кооптуу эмгек шарттарында жана чоңдордун көзөмөлү жок болушуна текшерүү жүргүзүлдү.
🌙 Рейд эки этаптан турду: күнү-түнү, Ак-Босого конушун жана Кудайберген, Сары-Өзөн баш болгон бир нече базарларды камтыды.
👮 Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү катышты.
📊 Түнкү рейд учурунда кароосуз калган 12 жашы жете элек өспүрүм, ошондой эле иштеп жүргөн 4 бала табылган.
📝 Бардык балдар мындай мыйзам бузууларга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
🔍 Ар бир аныкталган жашы жете электерге протоколдор түзүлүп, профилактика жана социалдык колдоо боюнча мындан аркы иш алып баруу үчүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тиешелүү каттар жөнөтүлдү.