🩸 Бишкекте рак менен ооруган балдарга кан тапшыруу боюнча кайрымдуулук акциясы өтөт.
❤️ “Кан тапшыр – өмүрдү сакта!” акциясы 21-ноябрда саат 9:00дөн 14:00гө чейин Hyatt Regency Bishkek мейманканасында өтөт.
🤝 Иш-чаранын уюштуруучулары – Кыргызстандын волонтерлор союзу, Help the Children кайрымдуулук фонду жана мындай демилгелерди бешинчи жолу өткөрүү үчүн аянтчаны сунуштаган Hyatt Regency мейманканасы.
🩺 Иш-чарага катышуу бир гана оорулуу балдарга жардам бербестен, ден соолугуңузду жашыруун инфекцияларга текшерүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
🌍 Акция быйыл 70-жолу белгиленип жаткан Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулуп, жаш муундарды колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
📞 Кененирээк маалымат үчүн 0555-95-10-16 телефону аркылуу же Кыргызстан волонтерлор союзунун Instagram баракчасына кирсеңиз болот.
✨ Акцияга кошулуңуз жана адамдардын өмүрүн сактап калууга салым кошуңуз!