





🚗 Бишкектеги Кара-Дарьинская көчөсүнүн Медеровадан Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү толук бүткөрүлүп, кыймыл үчүн ачылды.
🛣️ Жаңы жолдун узундугу 1,4 км, туурасы 9 метрди түзөт.
🚦 Лев Толстой жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде светофорлор орнотулуп, бардык жол белгилери коюлган.
🚶♂️ Жолдун эки тарабында ирригациялык система жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулган.
🏗️ Курулуш иштери 2024-жылы башталган.
🚙 Жаңы жол борбордогу тыгындарды азайтууга жардам берет.