⚡ Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерге электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет.
📅 Дүйшөмбү күнү, 28-октябрда төлөнбөгөн төлөмдөргө байланыштуу 5900дөн ашык абонентти өчүрүү пландалууда.
💻 Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн компаниянын сайтында “Абоненттик баланс” функциясы бар, ал каалаган убакта жеке кабинетиңиздин абалын текшерүүгө мүмкүндүк берет.
📱 Турмуш-тиричилик абоненттери балансын текшерүү үчүн Play Market жана AppStore дүкөндөрүндө жеткиликтүү “Мой Light” мобилдик тиркемесин да колдонсо болот.
📞 Суроолоруңуз болсо же кеңешке муктаж болсоңуз, абоненттер 1209, 105 же 0556 001209 WhatsApp аркылуу күнү-түнү иштеген Call-борборго кайрылса болот.
🔔 Өз убагында төлөм үзгүлтүктөрдү болтурбоого жана туруктуу электр менен камсыздоого жардам берет.