📄 Бишкек шаарында коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө бирдиктүү квитанцияны киргизүү пландалууда.
💡 Мэрияда өткөн жыйында жашоочулар үчүн төлөм процессин жеңилдете турган жаңычылдыкты талкуулашты.
🧾 Бир квитанция турак жай-коммуналдык кызматтардын, анын ичинде суу менен камсыздоо, жылуулук, газ жана таштанды чыгаруу үчүн бардык төлөмдөрдү бир документке бириктирет.
⏱️ Жарандар бардык кызматтар үчүн бир убакта төлөй алышат, бул убакытты үнөмдөйт жана төлөмдөрдү өткөрүп жиберүү ыктымалдыгын азайтат.
📱 Квитанцияга ELQR коду жайгаштырылат, ал төлөм процессин жөнөкөйлөштүрөт жана Интернет-банкинг аркылуу бир чыкылдатуу менен жасоого мүмкүндүк берет.
📈 Бирдиктүү квитанцияны киргизүү керектөөчүлөрдүн эсебин жакшыртууга жана төлөм тартибин жогорулатууга, санариптик форматтарга өтүүнү жеңилдетет.