🛠️ Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө 20-апрелден тартып жол оңдоо жана жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат.
🚧 Биринчи этапта Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки 580 метрлик участокта 1984-жылдан бери колдонулуп келген диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук түтүктөрү жаңыланат.
🔧 Экинчи этапта Фрунзе көчөсүнөн У. Салиева көчөсүнө чейинки 340 метрлик участоктогу диаметри 426 мм болгон түтүктөр алмаштырылат, бул бөлүк да 1984-жылдан бери колдонулуп, авариялык абалда.
🚌 Курманжан Датка көчөсү толугу менен жабылгандыктан, автобус маршруттары убактылуу өзгөртүлөт. №34, №35, №45, №254, №169, №51, №48, №100, №101, №104, №146 жана №175 маршруттары башка көчөлөр менен жүрөт.
📅 Мэрия жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен карап, жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршруттарын алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.