

[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Бишкекте 3-июлда курулуш министрлиги жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү. Жыйында 2025-жылдын 2-июлундагы №93/НПА токтому менен бекитилген курулушка уруксат берүү жана инженердик тармактарга кошулуу тартиби талкууланды.
📝 Жыйындын жүрүшүндө арыз берүү, долбоорлорду макулдашуу, курулуш иштерин баштоо жана инженердик тармактарга кошулуу процедуралары каралды. Ошондой эле, эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселеси да талкууланды.
🏢 Капиталдык курулуш объекттерин, реконструкциялоону, кайра профилдөө жана кайра пландоону (бюджеттик объекттерден тышкары) каттоо реестрине киргизүү сунушталды. Бул өзгөртүүлөр акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
🔧 Нурдан Орунтаев өлкөдө курулушка уруксат берүү жана инженердик тармактарга кошулуу процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча аракеттер улантыларын белгиледи.






