🇰🇬 Бишкекте 25-июлда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.
🤝 Жолугушууда кыргыз-азербайжан кызматташуусунун учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары талкууланды, өзгөчө саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине басым жасалды.
🌐 Өлкөлөр ортосундагы көп тараптуу структуралар, анын ичинде БУУ, ОТГ, ШОС жана СВМДА алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерине артыкчылык берилди.
📈 Тараптар өз ара визиттердин жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу боюнча маселелерди да талкуулашты.






