🎉 Бишкекте Кабаа уулу Кожомкул атындагы спорт комплексинде кыргыз курошу боюнча республикалык турнир башталды. Турнир ардактуу машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсель Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун урматына арналган.
🏆 Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар катышат.
👥 Эркектер 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96 жана 96 кг жогору салмак категорияларында күч сынашат.
💪 Аялдар 66, 78, 90 жана 90 кг жогору салмак категорияларында мелдешет.
📅 Турнир 8-июнда саат 09:00дө башталып, расмий ачылышы саат 13:00дө өтөт.