🎉 Бишкекте Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдык мааракеси белгиленүүдө.
🏢 Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бул датанын маанилүүлүгүнө токтолуп, палата өлкөнүн бизнес түзүмдөрү менен ишкерлеринин башын бириктирип турганын белгиледи.
🤝 Ал ошондой эле Соода-өнөр жай палатасы ишкерлерге активдүү колдоо көрсөтүп, алардын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүп жатканын билдирди.
🌍 Сариев Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон көргөзмөлөрдү, форумдарды жана бизнес-турларды уюштуруунун маанилүүлүгүн эске салды.
💪 Сөзүнүн аягында, биргелешкен аракет менен гана өлкөнү күчтүү жана гүлдөтүүгө болорун белгиледи.