Бишкекте мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча «Баалоо» программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бишкекте өткөн тегерек столдо "Баалоо" улуттук программасынын жыйынтыктары талкууланып, мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча санариптик тестирлөө жүргүзүлдү. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып, билим берүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

📚 Бишкекте өткөн тегерек столдо “Баалоо” улуттук программасынын жыйынтыктары талкууланды. Бул программа Кыргызстандын мектептик билим берүүсүнүн сапатын системалуу жана илимий негизде талдоого багытталган.

💻 Кыргызстанда биринчи жолу 4- жана 8-класстын окуучуларына масштабдуу тестирлөө санарип форматта жүргүзүлдү. Бул ыкма процедуранын объективдүүлүгүн, ачыктыгын жана технологиялык жактан өнүккөндүгүн жогорулатты.

🏫 Программага 200 жалпы билим берүүчү уюм катышты, алар репрезентативдүү тандоо ыкмасы менен тандалып алынды. Бул иш-чара Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

🔍 Тестирлөөнүн негизги жыйынтыктары жалпы билим берүү системасынын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого жардам берди. Талкууда бардык окуучулар үчүн, жашаган аймагына, социалдык статусуна же окутуу тилине карабастан, бирдей билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

🤝 Иш-чарага Билим берүү министрлигинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, адистер жана билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча эксперттер катышты. Бардык катышуучулар билим берүү жетишкендиктерин баалоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү боюнча даярдыгын билдиришти.

📈 Билим берүү министрлиги бардык өнөктөштөргө, катышуучуларга жана уюштуруучуларга билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ишенимдүү маалыматтарга негизделген натыйжалуу байланыш туруктуу өзгөрүүлөрдүн жана өлкөдөгү мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун кепилдиги экенин белгиледи.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x