






[adrotate_integration id=”2″]









🎉 Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдер күнү белгиленди.
📚 Иш-чарада жаңы билим берүү моделине өтүү боюнча видеоролик көрсөтүлдү, андан соң “Алтын Казык – доорду өзгөрткөн билим” аттуу театралдык пролог коюлду.
🎓 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жана заманбап стандарттарды киргизүү келечек муун үчүн маанилүү тарыхый кадам болуп саналат.
🏆 Республикалык “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурстарынын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
🏠 Башкы сыйлык — батир — Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асановага тапшырылды.
🎶 Мереке концерттик программа менен уланып, мугалимдерге жана тарбиячыларга кубанычтуу жана шыктандыруучу маанай тартуулады.






