🚨 Бишкекте жол коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддердин жыйынтыгы менен беш жекече тез жардам унаасы мыйзамсыз жарык чагылдыруучу жана мигаган аппаратураларды орноткондугу аныкталды.
🛑 Ар бир унаа 17 миң 500 сомго айыппул салынып, айып туруктарына коюлду.
🔵 Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, өкмөттүн токтомуна ылайык, тез жардам кызматтарына гана көк түс менен мигаган жарыктарды колдонууга уруксат берилгенин эскертет.
⚠️ Башка түстөгү мигаган жарыктарды орнотуу мыйзам бузуу болуп саналат жана административдик жоопкерчиликке алып келет.
📢 ГУОБДД жекече жана мамлекеттик тез жардам унааларынын ээлерин жол коопсуздугун камсыздоочу талаптарды так сактоого чакырат.













