

[adrotate_integration id=”2″]🎉 Бишкекте бүгүн жаштар жана кыздар арасында оор атлетика боюнча республикалык турнир салтанаттуу түрдө ачылды. Бул турнир Кыргыз Республикасынын спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган.
🏋️ Турнирдин ачылышында өлкөнүн жети облусунан келген катышуучулардын парады өттү. Бул иш-чара жаш спортчулар үчүн чоң дем берүүчү күч болуп саналат.
👟 Агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жаш спортчуларга ийгилик каалап, Митал Шариповдун ысмы кыргыз спортунун тарыхында түбөлүккө калат деп белгиледи. Ал ошондой эле мындай турнирлер мындан ары да өткөрүлөрүн айтты.
📏 Сынактар эл аралык оор атлетика эрежелерине ылайык өткөрүлүп жатат. Жаштар 49 кгдан 110 кгдан жогорку салмак категорияларында, ал эми кыздар 48 кгдан 77 кгдан жогорку категорияларда күч сынашат.
🏆 Республикалык турнир 14-июлда жыйынтыкталат.






