🚨 Бишкекте психотроптук заттардын ири партиясы менен эки жаш кармалды.
🔍 ИИМдин СБНОН кызматкерлери борбор калаада көптөн бери баңги затын сатуу менен алектенген азиат түспөлүндөгү жаштардан турган кылмыштуу топту аныкташты.
💼 2006-жылы туулган А.уулу К., жана 1998-жылы туулган Э.Д.У баңгизат менен “клеткаларды отургузуу” аракети учурунда кармалган.
💊 Окуя болгон жерди кароодо психотроптук заттар, анын ичинде хлорметкатинон жана клефедрон табылган, алар алдын ала эсептөөлөр боюнча кара базарда болжол менен 700 миң сомду түзүшү мүмкүн.
📦 Кармалгандар баңгизаттарды бир дозага пакеттерге салып, сатууну уюштуруу үчүн Telegram каналын колдонушкан.
⚖️ Кармалгандарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын №1 СИЗОсуна киргизилди.