🚧 Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациядан кийин кайра ачылды.
🛣️ Жол оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынып, эки катмар жаңы асфальт төшөлдү.
🚦 Жолдун эки тарабында жаңы бордюрлар орнотулуп, ирригациялык система калыбына келтирилди. Бардык жол белгилери жаңыртылып, зарыл белгилер орнотулду.
🚶♂️ Учурда жолдун эки тарабында төрт метрлик тротуар куруу иштери улантылууда. Жол курулушуна тоскоол болгон объекттер алынган.
🏗️ Жибек-Жолу проспектисинин бул бөлүгү 2002-жылы “Шаардык транспорт” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын кредиттик каражаттары менен реабилитацияланган.
📅 23 жыл бою каржылык чектөөлөрдөн улам жолду оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ал эми жолдун бул бөлүгү үч эсе эксплуатациялык мөөнөттү өткөн.
💰 Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, “Мостдорстрой” компаниясы менен 1,8 км узундуктагы жолдун реабилитациясы боюнча 173,9 млн сомго келишим түзүлгөн.
🛠️ Иштер 2025-жылдын 5-апрелинде башталып, 5-июлда аяктаган. 2024-жылы проспект Тоголок Молдо көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин реабилитацияланган.