




🎉 Бишкекте Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурган кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өттү. Бул иш-чара көрүнүктүү машыктыруучулар жана дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналды.
🏅 Мелдеште жеңүүчүлөргө улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция тарабынан дипломдор жана медалдар тапшырылды.
🌍 Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
🏋️♂️ Спортчулар ар кандай салмак категорияларында: эркектер – 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96 жана 96 кг жогору салмактарда күч сынашты.
🤝 Кыргыз күрөш боюнча мындай мелдештер улуттук спортту өнүктүрүүгө жана спортчуларды шыктандырууга чоң салым кошот.