🏃♂️ Бишкекте 14-июнда салттуу Night Run түнкү жарышы өтөт.
🌍 Бешинчи жыл катары менен өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага 25 өлкөдөн 3 миңге жакын чуркоочулар катышат.
📍 Жарыш маршруту Жайыл Баатыр көчөсүнүн бир тарабында (Түштүк магистраль) Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин чыгыш багытында өтөт.
🏁 Старт жана финиш чекити – “Газпром детям” спорттук комплекси.
📏 Чуркоо аралыктары 5 км жана 10 км болуп саналат.
⏰ Иш-чара 19:30дан 23:30га чейин өткөрүлөт.
🚧 20:30дан 23:00гө чейин бул аймакта автотранспорт каражаттары үчүн кыймыл убактылуу токтотулат.