🐄 Бишкекте эт азыктарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы профилактикалык иш-чаралар башталды.
🔍 “Ветеринардык көзөмөл-мал уурдоо” операциясынын алкагында этти сатып алуу жана сатуу менен алектенген, ошондой эле малдын келип чыгышы боюнча жасалма сертификаттарды берген мамлекеттик кызматкерлер текшерилүүдө.
🏪 Адистер тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо максатында базарларда, касапканаларда жана колбаса цехтеринде рейддер жүргүзүлдү.
🚫 Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген эттен фарш чыгарган мыйзамсыз цехтер аныкталып, ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
📩 Ветеринардык кызмат аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Экономика министрлигине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.