


🌿 Бишкек шаарында өткөн жумада 746 чарба субъектилери жана уюмдар санитардык нормаларды сактоо боюнча текшерүүгө алынды.
🗑️ Текшерүүнүн жыйынтыгында, тазалык жана тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн 70 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 680 000 сомго айып пул салынды.
🚫 Мусорду туура эмес жерге таштоо жана жыйноо боюнча 35 факт аныкталып, аларга 380 000 сомго протоколдор түзүлдү.
📄 Объект ээлерине жана кызматкерлерине аймакты убагында тазалоо жана чөптөрдү чабуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
🏢 Бишкек шаарынын эрежелерине ылайык, мекемелер жана уюмдар айланасын тазалоо, жашылдандыруу жана ирригациялык системаларды кармоо үчүн жоопкерчилик тартат.
🙏 Муниципалитет шаар тургундарын, конокторун жана башка субъектилерди санитардык нормаларды сактоого чакырат.