[adrotate_integration id=”2″]
🛑 Бишкектеги 7-апрель көчөсүндөгү 167-дарегинде жайгашкан тамактануу түйүнүндө санитардык нормалар сакталбай жатканы аныкталды. Муниципалдык инспекциянын маалыматы боюнча, канализациялык агындылар сыртка чыгып жаткандыгы белгиленди.
🚫 Текшерүү учурунда санитардык талаптардын бузулганы, ошондой эле айлана-чөйрөнүн абалы начар экени аныкталды.
🔄 Кайра текшерүүдө түйүндүн ээси айланадагы таштандыларды тазалап, канализациялык түтүктү жакында оңдоого убада берди.
📜 Инспекторлор тарабынан шаарды жакшыртуу эрежелерин бузгандыгы үчүн протокол түзүлдү.
🗣️ Түйүн ээлери менен санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






