🏠 Бишкекте күз-кыш мезгилинде үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды.
🛏️ Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 кишиге ылайыкташкан. Бул жерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, шейшептер, дары-дармектер сатылып алынып, ысык тамак уюштурулган. Жылытуу үчүн 10 тонна көмүр алынган.
🏥 Свердлов районунда Фере көчөсү 34а дарегинде 40 орундуу баш калкалоочу жай бар. Бул жерде да керектүү оңдоо иштери жүргүзүлүп, дары-дармектер сатылып алынган, тамак-ашка мамлекеттик сатып алуулар уюштурулган. Жылытуу мезгилине 8 тонна көмүр алынган.
🌙 Биринчи Май районунда 70 кишиге ылайыкташкан “Коломто” муниципалдык мекемеси бар. Ал күн сайын 70-100 үй-жайсыз адамдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылат жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
🩺 Коломтонун негизги кызматтарына убактылуу түнөө, медициналык кароо, санитардык дарылоо жана гуманитардык кийимдер менен жардам берүү кирет. Аталган мекеме жыл сайын 2000ге жакын үй-жайсыз адамдарды тейлейт.
📞 Үй-жайсыздарга жардам берүү үчүн 102 же 103 номуруна чалсаңыз болот.